Колумбияда нааразылык акциясына чыккандар АКШ элчилигине кол салышты
Колумбиянын Богота шаарында өткөн нааразылык акциясында демонстранттар АКШнын элчилигин көздөй чабуул жасап, төрт полиция кызматкерин жарадар кылышты. Ошондой эле жардыруучу жана күйгүзүүчү каражаттар колдонулгандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.
Өлкө башчысы Густаво Петро бул окуяны сындап, элчилик корголгонун жана өлкө эл аралык келишимдерди сактарын белгиледи. Полициянын маалыматына ылайык, беткапчан демонстранттар жааларды, бөтөлкөлөрдү жана жардыргыч заттарды колдонушкан.
Шаар бийлиги жашоочуларга коопсуздук орногончо бул аймактан алыс болууну эскертти.
Бул окуя өлкө боюнча беш күндөн бери уланып жаткан жергиликтүү элдердин улуттук нааразылык марштарынын алкагында болгон. Протест “Элдердин өмүрү жана кадыр-баркы үчүн” деген ураан алдында өтүп жаткан. Башында тынч өтүшү пландалган митинг полиция менен кагылышууга айланып кетти.

