super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан ТМУнун Жаштар жана спорт министрлеринин жыйынына төрагалык кылат

 

16–17-октябрда Ташкент шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун Жаштар иштери жана спорт министрлеринин жыйыны өтүп, анда Кыргызстан төрагалык кылууга даяр экенин жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият министрилигинен кабарлашты.

Жыйындын эң маанилүү жыйынтыктарынын бири – 2027-жылы Манас шаарына Түрк мамлекеттеринин жаштар борбору статусун ыйгаруу чечиминин кабыл алынышы болду.
Бул чечим ТМУ өлкөлөрүнүн жаштар демилгелерин колдоого жана маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө жалпы багыт алгандыгын көрсөтөт.
Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө мүчө-мамлекеттердин жана байкоочу-мамлекеттердин жаштар саясатын жана спорт боюнча ведомстволорунун жетекчилери түрк дүйнөсүндөгү күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: