super.kg logo

Трамп менен Зеленский АКШнын Украинага “Томагавк” ракеталарын берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты

 

АКШ президенти Дональд Трамп украиналык кесиптеши Владимир Зеленский менен Ак үйдө жолугушуп, негизги тема катары Украинага узак аралыкка учуучу “Томагавк” ракеталарын берүү маселеси каралды. Зеленский бул куралдар Украинага Орусияга каршы туруш үчүн абдан керек экенин белгилегендигин чет элдик басылмалар жазышууда.

Бирок Трамп ракета берүү маселеси ачык бойдон кала берерин айтып, "Биз бул тууралуу сүйлөшөбүз" деди. Ал "Томагавктар" өтө кооптуу курал экенин жана алар чыр-чатакты күчөтүшү мүмкүн экенин эскертти. Ошол эле учурда АКШ бул ракеталарга өзү да муктаж экенин кошумчалады. Жооп иретинде Зеленский АКШга украин дрондорун сунуштады жана Трамп дрондорго кызыгуу бар экенин ырастады.

Жолугушуу АКШ жана Орусия президенттеринин телефон сүйлөшүүсүнөн кийин өттү. Трамп Путин менен Будапештте жолугушууну пландап жатканын, андагы сүйлөшүүгө Зеленский да кандайдыр бир формада кошулушу мүмкүн экенин айтты.

Зеленский ошондой эле Украинадагы газ сактоочу жайларды колдонуу менен АКШнын суюлтулган жаратылыш газын Европага жеткирүү боюнча бизнес-сунуштарын да көтөрдү. Бул боюнча ал АКШнын энергетика министри жана компания өкүлдөрү менен жолугуп, Украина энергетикалык инфраструктурасын калыбына келтирүүдө АКШ бизнесинин ролу маанилүү экенин баса белгиледи.

Трамп АКШга президент болуп дайындалгандан бери Зеленский ал менен үчүнчү ирет жолугушууда. Биринчи жолугушуу Трмап менен Зеленскийдин кайым айтышуусу менен аяктаган. Экинчи ирет Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен барган. Ар бир жолугушуунун негизги темасы Орусия менен укриана ортосундагы согушту токтотуу маселелси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: