Ташиев Чүйдөгү "Кемин" чек ара заставасына кызматтык унаа тапшырды






Бүгүн, 18-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын "Кемин" чек ара заставасынын өздүк курамына JAC 8 үлгүсүндөгү жаңы кызматтык унаа тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.
Автоунаанын ачкычын заставанын башчысына тапшырып жатып төрага чек ара бөлүктөрүн заманбап техника жана курал-жарак менен камсыздоо комитеттин ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Ошондой эле быйыл реконструкциядан өткөн чек ара заставасын көрүп чыкты.
Кемин районуна караштуу Нур айылында жайгашкан застава болжол менен 200 чакырым мамлекеттик чек аранын кайтарылышына жооптуу, анын олуттуу бөлүгү тоолуу аймактарда жана Чүй дарыясынын нугун бойлой өтөт.



