Маркум ырчы Бекжан Темирхандын жубайы өз теңин тапты (видео)
Жол кырсыгынан каза болгон ырчы Бекжан Темирхандын жубайы өз теңин таап, турмушка чыкты. Кыз узатуудагы видео менен блогер Айтурган Замирбек кызы өзүнүн социалдык баракчасынан бөлүшүп, ар бир адам бактылуу болушу керектигин жазган.
Ал эми ырчынын мурунку жубайы Бермет айым 3 жылда өткөргөн көп сыноолордон кийин өзүнө мүмкүнчүлүк берүүнү көздөгөнүн, ага бакыт гана каалап коюуну жазган.
Эскерте кетсек, эстрада ырчысы Бекжан Темирхан 2022-жылы 10-ноябрь күнү кечинде Боом капчыгайында жол кырсыгынан каза болгон. Жол кырсыгы Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда түнкү саат 22:30да катталып, ырчынын унаасы 100 метрлик жардан, ылдый кулап түшкөн. Ошол учурда ырчы мырза Бермет аттуу кызга үйлөнгөнүнө 14 эле күн болгону айтылган.
Маркум ырчы Бекжан Темирхандын жубайы өз теңин тапты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:51
2025-10-14

21:10
2025-10-08

15:22
2025-10-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.