super.kg logo

Ташиев Кеминде жарылган дөңгөлөктүн айынан колунан ажыраган жаранга жаңы үй тапшырды

 

Бүгүн, 18-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Кемин районундагы Кайыңды айылынын тургуну Мирбек Кадыралиевге үч бөлмөлүү жаңы жер үйдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.

Белгилүү болгондой, 42 жаштагы Мирбек Кадыралиев 2024-жылы оор жүк ташуучу болуп иштеп жүрүп, унаанын дөңгөлөгүн оңдоо учурунда болгон жарылуудан улам бир колунан ажырап, иштөөгө мүмкүнчүлүгү жоголгон. Ал үй-бүлөсү менен батирде жашап, жаңы үй курууга шарты жок болгондуктан, 25-августта президент Садыр Жапаров менен Ташиевге Фейсбук аркылуу жардам сурап кайрылган.

Өлкө башчысынын тапшырмасы жана Ташиевдин көзөмөлү менен эки күндүн ичинде жер тамдын курулушу башталып, 1 ай ичинде заманбап шарттары менен бүткөрүлүп, Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө тапшырылды.

Ташиев Мирбек Кадыралиевди жаңы үйү менен куттуктап, бекем ден соолук каалады. Ал эми үй ээси Жапаровго жана УКМК төрагасына терең ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чаранын алкагында атайын кызматтын башчысы Кайыңды айылынын тургундары менен да жолугуп, жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрүн угуп, сунуштарын жеринде кабыл алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: