Бишкекте соода борборлорун жардырам деп коомду дүрбөлөңгө салган кыз кармалды (видео)
Бишкек шаарынын аймагында террордук коркунуч тууралуу жалган маалыматтарды жайылтуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.
УКМКнын ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Украинанын Ярослав Овсюк аттуу жараны Telegram мессенжеринде "Ужас Бишкека" аталышындагы каналын ачып, анын атын кийинчерээк "АВЕРСИОН" деп өзгөртүп, ал жерде Бишкектеги мектептерде жана соода борборлорунда болушу мүмкүн болгон террордук актылар тууралуу маалыматтар активдүү таратылган.
Тактап айтканда, аталган Telegram каналында "ayana" лакап атын колдонгон колдонуучу Бишкектеги соода борборлорун жардыруу ниетин билдирген аудио билдирүү калтырган. Бул көрүнүш шаардыктарды дүрбөлөңгө салып, натыйжада борбор калаадагы социалдык абалды туруксуздаштырган.
Кечээ, 17-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган (Террордук актын жасайм деп коркутуу) кылмыш белгилери боюнча козголгон иштин алкагында жогоруда аталган билдирүүнүн автору, Кыргызстандын жараны Г.А. аныкталып, кармалды.
Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
Айта кетсек, кечээ, 16-октябрдагы билдирүүлөрдөн улам милиция кызматкерлери борбор калаада мектептерди текшерүүгө алышкан. Ички иштер министрлиги билдирүү жасаган 20 жаштагы Ярослав Овсюк Кыргызстанда эместигин билдирди. Ал Орусиянын ИИМи тарабынан телефон аркылуу терроризмге шектелип, эл аралык издөөдө жүргөнү такталган.
Буга чейин ага байланышы бар делген жашы жете элек жигит да аныкталган.
Бишкектеги мектеп окуучуларын өлтүрөм деп коомду дүрбөлөңгө салган жаран кармалды

