Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы адам өлүмү менен коштолду (видео)





Кечээ, 18-октябрда болжол менен саат 21:30 чамасында Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Lexus RX 330 унаасы батышты көздөй бурулуп жатканда, каршы багыттан келе жаткан Toyota Camry менен кагышкан. Camry унаасын 2008-жылы туулган, айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм А.А. башкарып келе жаткан.
Кагылышуудан кийин Toyota Camry тротуарга сүрүлүп чыгып, төрт жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Тилекке каршы, тротуардагы 2012-жылы туулган А.Т. окуя болгон жерде каза болду. Калгандары оор абалда ооруканага жеткирилди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүмү (Автотранспорт каражаттарын башкарууда коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда унаа башкарган А.А. шектүү катары убактылуу кармоочу жайга камалды. Эки унаа тең айып аянтчасына токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Иликтөө иштери улантылууда.
Милиция ата-энелерди жашы жете электерге унаа башкарууга жол бербөөгө жана балдарды көзөмөлдөөгө чакырат.
Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы адам өлүмү менен коштолду


