super.kg logo

Ак-Босогодогу өспүрүм кызды аңдыган бала боюнча милиция үн катты

 

Бишкек шаарынын Ак-Босого жаңы конушунда мектептен кайтып келе жаткан өспүрүм кыздын артынан түшкөн белгисиз адамдын видеосу интернет желесинде кызуу талкууга түшүп, коомчулукту тынчсызданткан.

Бул окуя боюнча учурда Свердлов РИИБи иш алып барып жаткандыгы маалымдалды.

"Аталган факт электрондук журналга катталды. Азыркы учурда окуяга тиешеси бар жарандын өздүгү аныкталууда жана тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдирет райондук милициянын басма сөз кызматы.

Мындан тышкары аталган факт Свердлов РИИБинин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.

Буга чейин окуя 16-октябрь күнү болгону айтылган. Ак баш кийимчен жигит кызды аңдып, ага тийишкенде өспүрүм мектептин жанындагы дүкөнгө кире калган. Белгисиз жарандын өспүрүм кызга тийишип жатканын байкап калган дүкөнчү ага кайрылганда, ал качып кеткенге жетишкенин видеодон байкоого болот.
Кыздын атасы укук коргоо кызматына арыз менен кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: