Оштогу өрттөн жабыркаган батирлерди калыбына келтирүү иштерин мэрия колго алды (видео)
Бүгүн, 19-октябрда Ош шаарында чатыры өртөнгөн көп кабаттуу үйдөгү жабыркаган батирлер мэриянын эсебинен калыбына келтирилет. Бул туурлуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеринде жашоочулар менен жолугушуп жатып билдирди.
Калаа башчысы каргашалуу окуя боюнча президент Садыр Жапаров кабардар экенинин айтып, берилген тапшырманын негизинде тез арада калыбына келтирүү иштер жүрө тургандыгын билдирди. Жалпысынан 7 батир жабыркап, чатыры толук күйүп кеткен.
"Өрт – бул тилсиз жоо. Тагдыр насип экен, өрт чыкты, айла жок. Мага президент Садыр Нуркожоевич тапшырманы берди. Ошол жерди жеке көзөмөлгө ал деп. Кыжалат болбогула. 13-этажга чейин чыгып түштүм. Күйүп кеткен батирлерди толук мэриянын эсебинен бүтүрүп беребиз. Азыр ал жакка кирүү кооптуу. Милиция баарын көзөмөлдөп турат. Чатырда жыгач үстүндөр толук өчүрүлүп, күйгөн нерселерди жерге алып түшкөндөн кийин, анан киресиңер. Мен кечке ушул жерде болом. Эртеңден баштап толук курулуш материалдарын алып келип, силерди эртерээк киргизиштин аракетин кылабыз. Дүйнө табылат, бешенебизге эч ким жабыркабаптыр", - деди мэр.
Токторбаев өрт өчүрүүчүлөргө, милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
Айта кетсек, ӨКМ Ош шаарында эртең менен өрт катталганы боюнча маалымат берип, 8 күжүрмөн эсеп тартылганын билдирген.
Оштогу өрт каптаган үйдүн чатыры жана 7 батир мэриянын эсебинен калыбына келтирет



1 |