super.kg logo
  Спорт  

U-23 Дүйнө чемпиондугу: Кыргызстандын атынан төрт балбан килемге чыгат

 

Бүгүн, 20-октябрда Сербиянын Нови-Сад шаарында спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасында (U23) Дүйнө чемпиондугу башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Турнирдин биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча 63, 77, 87 жана 130 килограмм салмак чениндеги балбандар килемге чыгышат.

Кыргызстандын атынан 63 килограммдык салмакта Куттубек Абдуразаков күч сынашат. Ал алгачкы беттешинде өзбекстандык Хусниддин Олимбоев менен таймашат.

77 килограммдык салмакта Нурэл Дүйшөнбеков алгачкы беттешин молдован балбаны Александр Соловей менен баштайт.

Ал эми 87 килограмм салмак ченинде Артыкбек Алымбек уулу биринчи айлампаны өткөрүп, чейрек финалга чыгуу үчүн румыниялык балбан Патрик Гордан менен орусиялык Заур Шангереевдин беттешүүсүнүн жеңүүчүсү менен күч сынашат.

Ошондой эле 130 килограмм салмакта Нурболот Токтогонов япон балбаны Аюму Ивасава менен беттешет.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: