super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте АФК Чакырык Лигасынын тайпалык баскычынын оюндары өтөт (фото, видео)

 

25–31-октябрь күндөрү Бишкек шаарында 2025–2026 АФК Чакырык Лигасынын тайпалык баскычынын оюндары өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Кыргызстандын намысын бул мелдеште ата мекендик "Мурас Юнайтед" жана "Абдыш-Ата" клубдары коргойт.

"Мурас Юнайтед" клубу С тайпасында Тажикстандын, Ливандын жана Кувейттин клубдары менен күч сынашат. Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:00дө башталат.

25-октябрь
16:00 — "Сафа" (Ливан) - "Аль-Араби"(Кувейт)
20:00 — "Регар-Тадаз" (Тажикстан) - "Мурас Юнайтед" (Кыргызстан)

28-октябрь
16:00 — "Аль-Араби" (Кувейт)- "Регар- Тадаз" (Тажикстан)
20:00 — "Мурас Юнайтед" (Кыргызстан) - "Сафа" (Ливан)

31-октябрь
16:00 — "Регар-Тадаз" (Тажикстан)- "Сафа" (Ливан)
20:00 — "Аль-Араби" (Кувейт)- "Мурас Юнайтед" (Кыргызстан)

Ал эми "Абдыш-Ата" клубу А тайпада Бутандын Тхимпху шаарында, "Алтын-Асыр" (Түркмөнстан), "Аль-Шабаб" (Оман), "Паро"(Бутан) клубдары менен беттешет.

Жалпысынан АФК Чакырык Лигасынын тайпалык баскычына 20 клуб катышат. Алар Батыш жана Чыгыш аймактарына бөлүнгөн. Батыш зонасынан үч тайпанын жеңүүчүлөрү жана мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы команда кийинки плей-офф баскычына чыгат.






25–31-октябрда Бишкекте 2025–2026 АФК Чакырык Лигасынын тайпалык баскычынын оюндары өтөт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: