Бишкектеги 16 кабаттуу турак жай комплексин курууда мыйзам бузуу аныкталып, шектүүлөр кармалды (фото)
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарындагы Огонбаев көчөсү, 12 дарегинде жайгашкан 16 кабаттуу "Мадина резиденс" турак жай комплексин курууда мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, курулуш компаниясынын буйрутмасы боюнча иштеген долбоордук уюм тарабынан долбоордук-сметалык документтерди даярдоодо жалган маалыматтар киргизилип, анын негизинде турак жай комплексин куруу долбоорлору макулдашылган.
"Эреже бузуу катары курулуп жаткан үйдөн 5 метр аралыкта дубалында терезелери бар имарат жайгашкан. Бул факты өрт коопсуздугунун эрежелерин одоно бузуу болуп саналат жана мындан ары ишке ашырылбашы керек", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле объектти ишке киргизүүдө белгиленген жагдайлар өрт коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурушу мүмкүн экени, үлүшчүлөрдүн турак жайга көчүп киришине жана зарыл болгон турак жай документтерин алууга тоскоол болуп, нааразычылыктарды жарата турганы айтылды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 18-октябрда "Бишкекглавархитектура" муниципалдык ишканасынын координациялык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси С.Д., долбоорлоо уюмунун жетекчиси О.Д. жана курулуш компаниясынын жетекчиси Р.Ж. кармалган.
Ал эми Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган С.Д. жана О.Д. аттуу жарандар камакка алынып, Р.Ж.га карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Мекеме учурда аталган имаратты курууга уруксат кагаздарын даярдоого жана берүүгө башка адамдардын катыштыгы боюнча иликтөө иштери улантылып жатканын кошумчалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















