Борбор калаада спорттук багыт алуу боюнча мелдеш өттү
Дем алыш күндөрү Кара-Жыгач токоюнда спорттук багыт алуу мелдеши боюнча Бишкек шаарынын чемпиондугу жана биринчилиги өттү. Ага 12 жаштан жогору 40тан ашуун спортчу катышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, спорттук багыт алуу түрүн өнүктүрүү жана жайылтуу, ошондой эле жаштарды активдүү жана сергек жашоо образына тартуу мелдештин башкы максаты болуп саналат.
Мелдеш масс-старт форматында өтүп, катышуучулар бир убакта аралыкка чыгып, ар бири өз маршруту боюнча көзөмөл пункттарын карта жана компас аркылуу табышты.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар жана дипломдор менен сыйланышты. Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Кыргызстан спорттук багыт алуу федерациясы биргелешип уюштурган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















