Чүй, Талас облустарындагы айыл өкмөт жана шаар мэрияларга айып пул салынды (фото)
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Башкы прокуратура менен макулдашылган график боюнча Өрттү көзөмөлдөө кызматынын 2025-жылга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү планына ылайык, Чүй, Талас облустарындагы шаардык мэриялардын жана айыл өкмөттөрдүн өрткө каршы даярдыктары пландык жана көзөмөл текшерүүдөн өткөрүлдү.
ӨКМден билдиришкендей, жыл башынан тарта Талас облусунда жалпы 16 айыл өкмөтү жана Талас шаарынын мэриясы өрт коопсуздук эрежелеринин аткарылышы боюнча текшерилген. Натыйжада эреже бузгандыгы үчүн Бузуулар кодексинин 143-беренесине ылайык 16 айыл өкмөткө жалпы 368 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары инспекторлор айыл өкмөттөрдүн администрациялары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ал эми Чүй облусунда 5 шаардык мэрия, 48 айыл өкмөтү текшерилип, жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жалпы көлөмү 1 миллион 288 миң сомду түзгөн 56 административдик айып салынды.
Мекемеден маалымдалгандай, Чүй жана Талас облустары боюнча жалпы 72 административдик айып салынып, алардын жалпы суммасы 1 миллион 656 миң сомго жетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
10:40
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















