Ошто жактоочу акча алып жаткан жеринен кармалды (фото)
Ноокат райондук сотунда кесиптик ишмердүүлүк жүргүзгөн Ош облустук аймактык адвокатурасынын адвокаты Ж.К. тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда УКМКдан билдиришти.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, жактоочу Ж.К. кылмыш иши боюнча соттолуучуга юридикалык жардам көрсөтүп жатып, сот кызматкерлери менен байланышы бар экенин жана соттун оң өкүм чыгаруусуна таасир этүү мүмкүнчүлүгүн айтып, соттолуучунун атасын адаштырган. Бул "жардам" үчүн жактоочу 110 миң сом талап кылган.
15-октябрда УКМК тарабынан чогултулган материалдар боюнча Башкы прокуратура тарабынан Ж.К.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "Алдамчылык" боюнча каралган кылмыштын белгилеринин негизинде кылмыш иши козголгон.
16-октябрда шектүү акча алып жаткан жеринен кармалган. Андан соң ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда бул окуяга башка адамдардын дагы катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















