Жол кырсыгында каза тапкан 13 жаштагы баланын апасы Жапаров же Ташиев менен жолугушууну суранууда
Бишкектин борборундагы жол кырсыгынан каза болгон 13 жаштагы баланын апасы Александра Сластихина президент же УКМК жетекчиси менен жолугушууну суранууда. Ал жол кырсыгынын күнөөкөрү жазадан кутулуп кетет деп кооптонуп жатканын айтууда.
Александра Сластихина билдиргендей, анын үйүнө айыпталуучунун туугандары, анын ичинде атасы да келген.
"Алар кечирим сурап, көңүл айтып келишти. Мен дароо өз позициямды айттым, менин үй-бүлөм жакырчылыкта жашабайт, биз акчага муктаж эмеспиз. Акча тууралуу да, тосмо арыз тууралуу да айыпталуучунун жакындары эч нерсе айтышкан жок”,- деди ал.
Бул боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, мекеме каза болгон баланын жакындарына көңүл айтып, төмөнкүлөргө токтолду:
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ал толук, объективдүү жана калыс иликтенип, мыйзамдардын талаптарына жана кылмыш-жаза процесстеринин принциптерине ылайык жүргүзүлөт.
Учурда шектүү кармалып, соттун чечими менен 1 айлык тергөө абагы катары Вознесеновка айылындагы №14 убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул окуяны жашыруу же жаап коюу аракети болушу мүмкүн эмес. Тергөө иштери жетекчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат жана бардык процессуалдык аракеттер мыйзам чегинде жүргүзүлөт",- деп билдиришти мекемеден.
Эске салсак, 18-октябрда Бишкектин Жоомарт Бөкөнбаев жана Жусуп Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, 17 жаштагы айдоочулук күбөлүгү жок бала башкарган Toyota Camry унаасы тротуарга чыгып кетип, төрт жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Алардын бири,13 жаштагы А.Т. кырсык болгон жерде каза болгон.
Жол кырсыгында каза тапкан 13 жаштагы баланын апасы Жапаров же Ташиев менен жолугушууну суранууда
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















