super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Майлуу-Сууда милициянын мурдагы кызматкеринен курал-жарак жана ок-дарылар табылды (фото)

 

Майлуу-Суу шаарында милициянын мурдагы кызматкеринен курал-жарак жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Майлуу-Суу шаарында жана Бүргөндү-Достук айыл өкмөттөрүндө ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо фактылары аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, тагыраагы, милициянын запастагы полковниги П.Т.нын үйүндө тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, анда курал-жарактар жана ок-дарылар табылып алынган.

Анда СКС Карабин 7,62 миллиметр калибрдеги 1 бирдик, ТОЗ-8 калибрдеги 5,6 миллиметр 1 бирдик, 12 миллиметр, 16 миллиметр жана 20 миллиметр калибрдеги 3 бирдик өлчөмүндөгү жылмакай курал, 5,45 миллиметр калибрдеги октор 413 даана, 7,62 миллиметр калибрдеги октор 301 даана, 5,6 миллиметр калибрдеги ок 49 даана, 9 миллиметр калибрдеги ок 258 даана, 12 миллиметр калибрдеги ок 6 даана, 20 миллиметр 5 даана табылган.

Маалыматка караганда, курал-жарак жана ок-дарылар ал ички иштер органдарында кызмат өтөп жаткан учурда алынган.

Учурда П.T. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды.

Кылмышка тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ошондой эле аларды мурда жасалган кылмыштарда колдонуу фактыларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: