super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте мамлекеттик мекеменин мурдагы директору кармалды

 
Бишкекте мамлекеттик ишкананын мурдагы директору А.С. кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен бүгүн, 21-октябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 11-майда мамлекеттик ишканалардын бири менен чет өлкөлүк фармацевтикалык компаниянын ортосунда дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алуу боюнча 1 349 470 долларга келишим түзүлгөн.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон бажы жол-жоболорунан өтпөстөн өлкө аймагына дары-дармектер алып келинип, алар кошумча бааны эске алуу менен кийинчерээк саламаттык сактоо уюмдарына сатылган. Чет өлкөлүк компаниядан сатып алынган дары-дармек каражаттарынан алымдар жана жыйымдар түрүндөгү акча каражаттары республикалык бюджеттин кирешесине түшкөн эмес.
Мындан тышкары иш жүзүндө зарылдыгы жок кымбат баалуу онкологиялык препараттар сатылып алынган. Алар аудит учурунда бир жылдан ашык кампада болгон. Рак менен ооругандар үчүн сатылган дары-дармектер лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөн эмес.
Ошондой эле мамлекеттик ишкананын мурдагы директору кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган учурлар катталган. Тактап айтканда, А.С. жеке кызыкчылыгы үчүн кампадан кымбат баалуу дары-дармектерди тиешелүү документтери жок алып чыккан. Учурда мүмкүн болгон мыйзам бузуулардын башка фактылары боюнча да текшерүүлөр жүргүзүлүүдө", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Учурда такталган жалпы чыгым 26 848 000 сомду түзөт.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Шектүү катары мамлекеттик ишкананын мурдагы директору А.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: