Ошто 6 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы катталды (видео)
Бүгүн, 22-октябрда болжол менен саат 05:52дө Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө саат 05:54тө Ош шаардык №29 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, жерине саат 06:01де жеткен. Тилсиз жоо саат 06:25те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Алгачкы маалыматтар боюнча, болжол менен саат 03:30 чамасында турак үйдүн жер төлөсүндө өрт башталып, ал кыска убакыттын ичинде турак үйдүн чатырына чейин тараган. Кырсыктын кесепетинен 34 жаштагы аял жана 13, 11, 9, 6, 2 жаштагы балдар каза болду.
Өрт өчүрүүчүлөр жеткен учурда жарандардын денелери таанылгыс абалда табылган. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Ошто 6 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы катталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















