Ыдык көрсөткөндөрдү жоопкерчиликке тартууну көздөгөн мыйзам сунушталды
Ички иштер министрлиги сексуалдык ыдык көрсөтүү үчүн жоопкерчиликке тартууну караган мыйзам долбоорун сунуштоодо. Документ коомдук талкууга коюлду.
Анда Укук бузуулар кодексин жаңы 126-1-берене менен толуктоо сунуш кылынат. Ал берене боюнча биринчи жолу ыдык көрсөткөндөргө 20 миң сом айып пул салынат же болбосо 3 суткадан 7 суткага чейин камакка алынат. Ошондой эле документ Кылмыш-жаза кодексин да жаңы 158-1-берене менен толуктайт. Бул беренеде ыдык көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылган адам бир жылдын ичинде кайталап кайра ошондой жорукка барса, анда аны 3 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган.
"Акыркы жылдары жарандардын коомдук жайларда да, адамдар ортосундагы мамилелерде да сексуалдык ыдык көрсөтүүгө байланышкан даттануулары жана кайрылуулары катталууда...
Азыркы учурда өлкө мыйзамдарында "ыдык" термининин укукка каршы жосун катары өзүнчө жана так аныктамасы, ошондой эле аны алгачкы жана кайталап жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилеген ченемдер жок. Колдонуудагы укуктук механизмдер укук бузуучуларга тийиштүү профилактикалык таасир көрсөтүүнү камсыз кылбайт",- деп жазылат документтин негиздеме-маалымкатында
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















