Оштогу адам өмүрүн алган өрт кырсыгынын себеби айтылды
ӨКМ бүгүн, 22-октябрда Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндө турак үйдөн чыккан өрттүн себебин маалымдады.Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн себеби үйдөгү электр жылыткычтан чыккан. Аталган үйдө оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, жылыткыч жер төлөдө болгон. Ал эми каза болгон келиндин жолдошу Түштүк Кореяга жумуш менен кеткендигин министрлик кошумчалады.
Белгилей кетсек, тилсиз жоо болжол менен 03:30да башталып, ӨКМге 05:54тө маалымат келип түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 34 жаштагы аял жана 13, 11, 9, 6, 2 жаштагы балдар каза болду.
Жыл башынан Ош шаарынын аймагында жалпы 65 өрт кырсыгы катталды. Алардын ичинен эң көп учурлар жеке турак жайларда кездешип, электр шаймандарын туура эмес пайдалануунун кесепетинен келип чыккан. Мыйзамга ылайык, ӨКМ кызматкерлери жеке турак үйлөрдү алдын ала өрт коопсуздугу боюнча текшерүүгө укуктуу эмес.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео