Бишкек - Кант - Токмок унаа жолуна асфальт төшөө иштери уланууда (фото)




Бишкек - Кант - Токмок унаа жолуна асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Жумуштар жолдун Калинин көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, жолдун оң тарабында жүрүп жатат. Алдыда тротуар, лоток орнотуу жумуштары башталат.
Эске салсак, буга чейин жолдун сол тарабына асфальттын биринчи катмары басылган. Бишкек - Кант - Токмок унаа жолунун 5+200-9+50-чакырымдар аралыгын (Новопокровкадан Лермонтов көчөсүнө чейин) капиталдык оңдоодон өткөрүү мерчемделип, анда асфальт төшөө менен катар көпүрөнү оңдоо, эки тарабынан тротуар, унаа токтотуучу жай куруу жана башка иштер каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:29
2025-10-22
16:10
2025-10-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.