super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Жапаров Такаити Санаэни Япониянын премьер-министри болуп шайланышы менен куттуктады

 

Садыр Жапаров Такаити Санаэни Япониянын премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сизди Япониянын премьер-министри кызматына шайланышыңыз менен чын дилимден куттуктайм. Бул жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышыңыз япон элинин сизге болгон терең ишеничин билдирет.

Сиздин бай кесиптик тажрыйбаңыз жана лидерлик сапаттарыңыз Япониянын мындан ары да туруктуу өнүгүшүнө жана эл аралык аренадагы кадыр-баркынын чыңдалышына чоң салым кошот деп ишенем.

Кыргызстан Япония менен достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани берет. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара аракеттенүү бекемделип жатканын, айрыкча "Борбордук Азия + Япония" форматындагы кызматташуунун натыйжалуу механизмдерин өзгөчө белгилейм.

Эки тараптуу мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн өз ара урматтоонун жана биргелешкен өнүгүүгө умтулуунун негизинде мындан ары да ийгиликтүү өнүгөт деп ишеним артам.

Улуу мартабалуу сизге чын ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми Япония элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”,- деп айтылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: