Бишкектеги тамактануучу жана кызмат көрсөтүүчү жайлардагы ажатканаларды акысыз кылуу сунушталууда
Коомдук тамактануучу жана кызмат көрсөтүүчү жайлардагы ажатканаларды акысыз кылуу сунушталууда. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан иштелип чыккан документ коомдук талкууга коюлду.
Анда "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталат. Тагыраагы, мыйзамдын 17-беренесинин 2-пункту 7-пунктча менен толуктоо керектиги айтылган. Анда акы төлөнүүчү атайын ажатканаларды кошпогондо коомдук тамактануучу жайлардагы жана калкка кызмат көрсөтүүчү башка объекттердеги ажатканаларга жарандардын кирүүсүнө болгон тоскоолдуктар алынары белгиленген.
Бул өз кезегинде тамактануучу жайлардагы ажатканаларга кардарлардан сырткаркы адамдардын кирүүсүнө шарт түзөт.
"Ишкердик субъекттерди бардык адамдардын даараткана жайларына эркин жана акысыз кирүүсүн камсыз кылууга милдеттендирген ченемди киргизүү бирдей шарттарды түзүүгө, ден соолукту коргоого жана адамдардын элементардык санитардык укуктарын сактоого багытталган",- деп айтылат документтин негиздеме-маалымкатында.
