Өлкө аймагында алдыдагы күндөрү суук аба ырайы күтүлөт
Кыргызстандын аймактарында алдыдагы күндөрү суук аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу синоптиктердин маалыматында жазылат.
Маалыматына ылайык, 23-октябрдан 25-октябрга чейин аба ырайы жылуу болот. Ал эми 28-октябрдан тарта аба ырайы кескин төмөндөп, кээ бир аймактарда -1 градуска чейин жетиши мүмкүн.
23-октябрдан 25-октябрга чейин болжолдуу абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3 ... +8, күндүз +20 ... +25;
Талас жергесинде түнкүсүн +3 ... +5, күндүз +22 ... +24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10 ... +12, күндүз +23 ... +25 градус жылуу;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +12 ... +17;
Нарын аймагында түнкүсүн 0 ... +2, күндүз +14 ... +16 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +6... +8, күндүз +22 ... +24 градуска жетет.
