Бишкекте жөө өтмөктөн жаранды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
Бишкекте жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жаранды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Кайгуул кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, кырсык 21-октябрда саат 07:19 чамасында Дэн Сяопин көчөсүндө болгон. Кырсыктын кесепетинен жаран окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми айдоочу белгисиз тарапка из жашырып кеткен.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү Geely EV-450 үлгүсүндөгү автоунаанын 27 жаштагы айдоочусу О. уулу А. экендиги такталган. Ал медициналык экспертизадан өткөрүлгөн учурда наркотикалык зат колдонгону аныкталган.
Учурда топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бишкекте жөө өтмөктөн жаранды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















