Укук коргоочу 50 миң доллар талап кылууга шектелип кармалды
Укук коргоочу 50 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жабыркаган тараптын кызыкчылыгын коргоп жүргөн. Шектүү ишеним кат менен иш алып барып, ИИМ кызматкерлери менен сүйлөшүп койгонун айтып, айыпталуучуну камактан бошотом деген убада менен жогоруда айтылган сумманы талап кылган.
Укук коргоочу аталган сумманын 20 миң долларын алып жаткан жеринен колго түшүп, камакка алынды. УКМК бул ишке милиция кызматкерлеринин катыштыгы бар-жогу боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















