super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жардам берүүнү убада кылган. Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

 

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы калаада алдамчылыкка шектүү 50 жаштагы жаран кармалганын билдирди.

Ага ылайык, милицияга К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ушул жылдын октябрь айында белгисиз адам ага Теңдик конушундагы жер тилкесин алуу үчүн жардам көрсөтүүнү убада кылып, алдамчылык жолу менен 500 миң сом акчасын алганын билдирген. Шектүү акчаны алгандан кийин убадасын аткарбай, белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү 50 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Шектүүнүн аракеттеринен жапа чеккен же ал тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ жарандар болсо төмөнкү номерлерге кабарласа болот: 0 (702) 07-12-63,0 (700) 95-80-65 же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: