Таш-Көмүр шаарында 2 аткаминер кармалды (видео)
Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри жана мэрияга караштуу муниципалдык менчик департаментинин директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Теңдик айылында, Чуйт-Сай айылында жана Ноокен районундагы Кызыл-Алма айылында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин (2024-жылга чейин Таш-Көмүр шаарынын курамында болгон) жакын туугандары менен тааныштарына жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен. Алар жасалма аукциондорду арзандатылган баада өткөрүү аркылуу муниципалдык бюджетке олуттуу зыян келтиришкен.
Ошондой эле темир жолдун боюндагы суу коргоо аймагында жана санитардык коргоо тилкесиндеги коммерциялык объекттер үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү фактылары аныкталган.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилишти. Учурда бул мыйзамсыз аракеттерди жасоодо башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Таш-Көмүр шаарында 2 аткаминер кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















