super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргыз жигиттерин даңктап ырдаган Клара Алибекова 43 жашка толду

 

Бүгүн, 27-октябрь белгилүү ырчы Клара Алибекованын туулган күнү. Ырчы жаш кезинен кыргыздын жигиттерин даңктап ырдап, элдин сүймөнчүгүнө айланган.

Ал 1982-жылы Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында төрөлгөн. Алибекова "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде 5-классында "Кыргызымдын жигиттери" ырын ырдап, сахнага чыкканын айткан. Андан кийин "Классташым", "Энекем", "Сүйүү керемети" деген ырларды аткарып, ал аткаруулары ар бир үйдө жаңырып турчу десек жаңылышпайбыз.

"Эсимде, 5-класста окуп жүр­гөндө ырдасам деген тилегим күч эле. Бир күнү мектептеги ансамблди жетектеген агай активдүү кыздарды чакырып калды. Арасынан мен жагып, ансамблде ырдамай болдум. Кийинчерээк агайым Урманбетовдун "Кыргызымдын жигиттери" деген ырын ырдоону сунуштады. Ал кезде талантым ашып-ташып турган кез эле да. Эл көзүнө ошондо көрүндүм.
Мектепте ырдап жүргөн күндөр­дүн биринде Жаныбек Алыкулов менен Абидин Темиров биздин айылга концерт койгону келишип, менин ырдаганымды жактырып калышты. Экөө үйгө чейин барып, ата-энемден сурап борборго алып кетишкен. Ал кезде фонограмма менен ырдоо, популярдуулук, акча дегенди такыр билчү эмесмин. Ырдаганыма сүйүнүп эле жүрчү экенмин. Ошентип, 5-класстан баштап жер кыдырып, жаштыгымдын баары төрт дөңгөлөктүн үстүндө өтүп кетти",- деген ал.

Эске салсак, Клара айым белгилүү ырчы, тамада Байыш Момунов менен баш кошуп, 2 жыл чогуу түтүн булаткан. Түгөйлөр Байэл аттуу уулдуу болушкан. Уулу учурда ата-энесинин жолун жолдоп, ырдап, тойлордо тамадалык кызмат кылып жатканын социалдык тармактардан көрүүгө болот.

Былтыр, 2024-жылдын 1-май күнү Клара Алибекова уулу Байэл менен "Сейтек" борборунда тушоо кесүү концертин беришкен.

Бүгүн түнкү саат 12де ырчы айымдын уулу туулган күнү менен куттуктап, сюрприз жасаган видеосун бөлүштү.

"Туулган күнүңүз менен, апа! Сизге чың ден соолук, узун өмүр, чыгармачылык ийгилик жана түбөлүк бактылуулук каалайм!

Бүгүнкү күн толугу менен сиздики, апа. Бул майрамды толугу менен өзүм уюштурам, баарын эң жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракет кылам - анткени сиз эң мыктысына татыктуусуз!

Сиз менин сыймыгымсыз, апа! Сиз бар үчүн мен ыраазымын",- деп жазды Байэл Момунов.

27-октябрга карата жылнаама.






Кыргыздын жигиттерин даңктап ырдаган Клара Алибекова 43 жашка толду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: