"Август" тасмасы Орусия кинофестивалынын ачылышында көрсөтүлөт
29-октябрдан 1-ноябрга чейин Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында Орусиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен РОСКИНО уюштурган "Кыргызстан–2025" кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Салтанаттуу ачылыш аземге Орусиянын маданият министри Ольга Любимова, Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана тасмасынын режиссёру Никита Высоцкий катышат.
Фестивалды "Август" аттуу аскердик драма ачат. Тасма 1944-жылдын жайында советтик контрразведчиктердин фронттун тагдырын чечкен эрдиги тууралуу баяндайт.
Фестиваль алкагында көрүүчүлөр ар түрдүү жанрдагы тасмаларды көрө алышат:
• "Любовь Советского Союза" – сүйүү жана эрдик тууралуу тарыхый драма;
• "В списках не значился" – Брест чебинин баатырдык коргоочулары жөнүндө аскердик фильм;
• "Кракен" – жоголгон суу алдындагы кайыкты издөө тууралуу фантастикалык окуя;
• "Доктор Динозавров" – мезозой мезгилине портал ачкан окуучу тууралуу анимациялык комедия;
• "Первый на Олимпе" – олимпиада чемпиону Юрий Тюкалов жөнүндөгү спорттук драма.
"Орусия менен Кыргызстанды көп жылдык достук жана маданий кызматташтык байланыштырган. Орус кинолору кыргыз көрүүчүлөрүнө жакшы белгилүү, ал эми кыргыз кинолору Орусияда үзгүлтүксүз көрсөтүлүп келет", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















