Бишкекте жол кырсыгынан бир адам каза тапты. Шектүү айдоочу кармалды
Бишкекте жол кырсыгынан бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда борбор калаанын Кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 13-октябрда саат 20:25 чамасында шаардын Махатма Ганди көчөсүндө болгон. Жол кырсыгынан жаракат алган жаран ооруканага бара жатып каза болгон. Ал эми аны Kia K5 үлгүсүндөгү унаасы менен сүзгөн айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.
Натыйжада шектүү делген 42 жаштагы айдоочу милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Айдоочу мас абалында болгон.
Кайгуул кызматы жол кырсыгы боюнча чогултулган материалдар Бишкек шаардык милициясына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.
Бишкекте жол кырсыгынан бир адам каза тапты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















