Бишкекте Орусиянын Маданият күндөрү салтанаттуу ачылды (фото)
Кечээ, 29-октябрда Орусиянын Маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлүп, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоодогу маанилүү кадам катары бааланды.
Салтанаттуу ачылышты маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Орусиянын маданият министри Ольга Любимова ачып берди.
Мамбеталиев куттуктоо сөзүндө Кыргызстандагы Орусиянын Маданият күндөрүнүн өзгөчө маанисин белгилеп, эки өлкөнүн маданий алакаларын "рухий баалуулуктарга, жалпы тарыхый тамырларга жана өз ара урмат-сыйга негизделген жан дүйнө байланышы" деп мүнөздөдү.
Ошондой эле ал Орусияга жана министр Ольга Любимовага жогорку деңгээлде иш-чараларды өткөрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал эми Орусиянын маданият министри Ольга Любимова маданий алмашуулардын маанисин белгилеп, орус-кыргыз мамилелеринин көп кырдуу жана ишенимдүү мүнөзгө ээ экенин баса белгиледи.
Ольга Любимова Кыргызстан тарапка жылуу кабыл алуу жана Орусиянын Маданият күндөрүн уюштуруудагы колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















