super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Опера искусствосунун ардагери Светлана Гусарова дүйнө салды (некролог)

 
29-октябрда күтүүсүздөн Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын мурдагы солисти, опера искусствосунун ардагери Светлана Гусарова дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Светлана Гусарова — өмүрүн кыргыз искусствосуна арнаган инсан. Ал Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. 1991-жылы Кыргыз опера жана балет театрында стажёрлор тобунда ишин баштап, Жильданын партиясы менен "Риголетто" операсында дебют кылган. Андан кийин "Дон Жуан", "Пиковая дама" операларында, ошондой эле балдар спектаклдери — "Красная шапочка" жана "Волшебная музыка" чыгармаларында роль жараткан. 1993-жылдын аягында ал театрдын алдыңкы опера солисттеринин бири болгон.
27 жылдык чыгармачылык ишмердигинин ичинде Светлана Гусарова дүйнөлүк классиканын ондогон Виолеттаон спектаклдериндеги негизги партияларды аткарган. Алардын ичинде "Травиатада", Виолетта, "Севильский цирюльникте" Розина, "Волшебной флейтада" ханыша, "Карменде" Фраскитанын ролун аткарган.
Светлана Гусарова назик лирикалык-колоратуралык сопраного ээ болуп, вокалдык чеберчиликти мыкты деңгээлде өздөштүргөн. Ал көп жылдар бою жеке концерттерди берип келген.
2006-жылдын апрелинде театрдын Малахит залында струндук квинтеттин коштоосунда анын жеке концерти өткөн. 2008-жылы ал эл артисти Жумакадыр Каниметов жетектеген оркестр менен чоң залда концерт берген.
2011-жылдын март айында Гусарова театр артисттеринин колдоосу менен эки жеке концерт уюштурган. Ал эми 2012-жылдын аягында театрдын 70 жылдык мааракесине карата Малахит залында "Күзгү бал" аттуу концертин тартуулаган.
2007-жылы ал Кыргызстандын искусствосуна кошкон чоң салымы үчүн диплом менен сыйланган, 2015-жылы болсо "Маданияттын мыктысы" төш белгиси менен сыйланган.
SUPER.KG порталы Светлана Гусарованын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: