Трамп ядролук сыноолор жөнүндө суроолорго жооп берди
АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон ядролук сыноолорду кайра жандандыра турганын ырастады, бирок ал жер алдындагы ядролук сыноолор да камтылабы деген суроого так жооп берген жок. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.
"Жакында билесиңер, бирок биз айрым сыноолорду өткөрүүнү пландап жатабыз. Башка өлкөлөр да ушуну жасайт. Эгер алар жасоону кааласа, биз да жасайбыз", — деди Трамп.
Бул аптада АКШ президенти Пентагондун 33 жылдык тыныгуудан кийин ядролук куралдын сыноосун баштоого буйрук бергенин жарыялаган.
Басылмалар белгилегендей, Түндүк Кореяны кошпогондо, башка эч кандай ядролук держава акыркы 25 жылдан ашуун убакыттан бери ядролук сыноолорду өткөргөн эмес.
Трамп ядролук сыноолор жөнүндө Орусия президенти Владимир Путиндин "Буревестник" аттуу ядролук энергия менен жабдылган ракета сыноосунун ийгиликтүү өткөнүн жарыялаганынан кийин айткан.
АКШ президенти Орусиянын сыноолору жөнүндө сөз кылып жатып, Москванын ракеталарды сыноодон мурун Украинадагы конфликтти токтотууга көңүл бурушу керектигин белгиледи. Ал ошондой эле Орусиянын жээгинде "дүйнөдөгү мыкты атомдук суу астындагы кемеси" бар экенин эскертти.
"Менин оюмча, ага 8000 миль (болжол менен 12,8 миң чакырым) өтүүнүн кереги жок. Алар биз менен оюн ойнобойт. Биз да оюн ойнобойбуз", — деди Трамп.
Москва өз кезегинде АКШ жана Орусия тарабынан киргизилген ядролук сыноолор боюнча мораторий бузулса, ага ылайык жооп кайтара турганын билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков маалымдады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















