Гүлназ Чыныбек кызы Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланды (видео)
Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
"Маданиятынын мыктысы төш белгиси менен сыйлашты. Ушул күндөрдү насип кылганына шүгүрлөр болсун! Аз да болсо маданиятка салым кошуп жатат деп эсептеген Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык! Өлкөбүздүн маданияты өркүндөсүн, өссүн!" - деп билдирүү калтырды ырчы айым.
Гүлназ Чыныбек кызы 1988-жылы Өзгөн районунун Мырзаке айылында туулган. Ал ОшМУнун журналистика бөлүмүн аяктаган. Үйдө 6 бир туугандын төртүнчүсү. Коомчулукка казак ырчысы Ерке Есмехандын "Кайда" ыры менен белгилүү болгон. Ошондой эле анын "Мына", "Жолуккум келет", "Жолуксак кандай жакшы" жана башка ырлары эл арасында белгилүү.
Гүлназ Чыныбек кызы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















