Гуманоид робот 1,4 тонна салмактагы унааны сүйрөдү (видео)
Пекин жасалма интеллект академиясынын изилдөөчүлөрү Unitree G1 аттуу гуманоид роботун сыноодон өткөрүштү. Ал болжол менен 1,4 тонна салмактагы унааны сүйрөгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, сыноо учурунда салмагы 35 килограмм болгон робот унааны сүйрөгөн, унаанын ичинде коопсуздукту көзөмөлдөгөн айдоочу да болгон.
"Бул эксперимент – роботторду тең салмактуулукту сактоого жана физикалык жактан оор тапшырмаларды аткарууга үйрөтүү боюнча программанын бир бөлүгү", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин G1 басуу, секирүү сыяктуу жөндөмдөрүн да көрсөтүп келген.
Unitree G1 модели 2024-жылдын май айында сунушталган. Анын бою 127 сантиметр, версиясына жараша 23төн 43кө чейин кыймыл мууну бар, баасы болсо 16 миң доллардан башталат.
Мындан тышкары робототехника жаатындагы 1X компаниясы жакында Neo аттуу гуманоид роботун расмий тааныштырды.
Гуманоид робот 1,4 тонна салмактагы унааны сүйрөдү
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















