super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Ар бир күн мамлекеттин коопсуздугуна арналсын!" Жапаров Кыргыз милициясынын 101 жылдыгы менен куттуктады 

 
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Ички иштер министрлигинин өздүк курамын кыргыз милициясынын 101 жылдыгы менен Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өткөн салтанаттуу иш-чарада куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
“Урматтуу генералдар, офицерлер жана сержанттар! Урматтуу аскер кызматчылары жана салтанаттуу иш-чаранын ардактуу меймандары! Биз бүгүн өлкөбүздүн коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, өзүнүн кесипкөйлүгү, эмгекчилдиги жана кайратмандыгы менен айырмаланган Кыргыз милициясынын күнүнө карата салтанаттуу иш-чарада турабыз.
Мекенге кызмат өтөө — ар бир адамдын эрки жетип, колунан келе бербеген, тайманбас эрдикти, дем-күчтү талап кылган ыйык милдет. Мына ошол милдетти абийирдүүлүк менен аткарып, элибиздин бейпилдигин, мамлекетибиздин туруктуулугун сактоонун алдыңкы сабындагы жоокерлери, мыйзамдуулуктун калканы болгон милиционерлер – Ата-Мекенге берилүүнүн, элге кызмат кылуунун эң мыкты өрнөгүсүздөр. Сиздердин тынымсыз аракетиңиздердин аркасында бүгүн жалпы кыргыз жарандары өздөрүн коопсуз, ишенимдүү сезет. ", -деди өлкө башчы.
Жапаров милиция кызматы 1924-жылдын 1-ноябрында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун курамында түзүлгөндөн тартып, бир кылымдан бери элдин коопсуздугун бекем сактап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү милдеттерин так аткарып келе жатканын билдирди.
Ошондой эле ал эл-жерди коргоп, жарандардын бейпил жашоосу үчүн жүздөгөн милиция кызматкерлери баатырларча курман болгонун эскерип, милиция кызматы жөн гана кесип эмес, бул чоң жоопкерчиликтин, кайрат-күчтүн жана ар-намыстын өзөгүн туюндурган бийик вазийпа экенин баса белгиледи.
Өлкө башчы акыркы беш жылдан бери Кыргыз милициясынын ишмердүүлүгүн бекемдөө үчүн олуттуу кадамдар жасалып жатканына токтолду.
"Жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында ички иштер органдарынын материалдык-техникалык каражаттарынын 85 пайызы жаңыланып, кызматкерлердин кийиминен баштап иш тутумуна чейин заман талабына ылайык өзгөртүлдү. Айлык акыларын 2 эсеге, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөн кызматкерлердин маяналарын 4 эсеге жогорулатып, өздүк курамга социалдык жактан колдоо көрсөтүп жатабыз.
Ички иштер министрлиги толугу менен "Санарип милиция" системасына өтүп, анын алкагында жүктөлгөн милдеттерин так, таасын ишке ашырып келүүдө.
Ыкчам-издөө иштерин жакшыртуу максатында өлкөнүн бардык аймактарына 4 миңден ашуун заманбап видео-камера, анын ичинде жүзүнөн тааный турган технологиялар орнотулду. Натыйжада кылмыштардын бетин ачуу кыйла ыкчамдап, кылмышкерлер тез кармалып, мыйзам алдында жоопкерчиликке тартуу сөзсүз аткарыларына шарт түзүлдү. Бул — элге болгон ишенимди чыңдоого, тартипке жана адилеттикке алып келет!
Заманбап санарип технологиялардын жардамы менен коомдук тартип жана жол коопсуздугу камсыздалып, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүлүп келүүдө.
Бирок алдыда дагы чоң-чоң милдеттер, кечиктирилгис иштер турат. «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында видео-камералардын санын 20 миңге жеткирүү боюнча тапшырма бердим. Ошондой эле Ички иштер министрлигине кошумча штаттык бирдиктерди бөлүп беребиз. Бул иштердин бардыгы аткарылганда өлкөбүздүн коопсуздугу дагы бир төрт-беш тепкичке көтөрүлүп коопсуз өлкөгө айланат деп ишенем", -деп билдирди Жапаров.
Ошондой эле өлкө башчы өлкөнүн бардык аймактарында ички иштер органдарына заманбап шарттагы 35 жаңы имаратты пайдаланууга берилгенин кошумчалады.
"Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарында турак-жайга муктаж болгон кызматкерлерибизге 32 батирлүү көп кабаттуу үй Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу тапшырылууда. Мындан сырткары, өлкөбүздө коомдук тартипти сактоо максатында жана ошондой эле Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө 101 жылдыгына карата заманбап санарип технологиялар менен жабдылган 101 даана автоунаа берилүүдө. Бул автоунаалардын баары, жер-жердеги ички иштер органдарына жөнөтүлөт.
Бул — мамлекеттин милицияга болгон ишеними менен камкордугунун белгиси. Келечекте мындай үйлөр дагы курулат, биз бир дагы кызматкерди үй-жайсыз калтырбайбыз. Милициянын ишмердигин ыкчамдатууга техникалар керек болсо дагы алып беребиз. Эң башкысы коомдун туруктуулугу, элдин бейпилдиги – бул мамлекеттин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири", - деп айтты президент.
Жапаров мамлекет башчысы катары милиция кесибинин оордугун, жоопкерчилигин жана тобокелдигин жакшы түшүнөрүн баса белгиледи.
"Коомчулук милициядан ар дайым жогорку жоопкерчилик, адилеттик жана калыстыкты күтүшөт, ошону талап кылышат. Ошондуктан ар
Ал эми катардагы офицерлерге, сержанттарга жана аскер кызматкерлерине “Ар бир күнүңүздөр элдин тынчтыгы менен мамлекеттин коопсуздугуна арналсын!“ деп буйрук берем.
“Мекениме кызмат кылам!” деген антыңыздарды абийирдүүлүк менен так аткарып, коомдук тартиптин чыныгы сакчысы – чыныгы милициянын үлгүсү болуңуздар.
Ал эми жаңы имараттар менен техникалык каражаттар сиздерге кут болсун! Алар эл коопсуздугу үчүн пайдаланылып, мамлекетибиздин тынчтыгын сактоого чоң салым кошот деп ишенем. Бүгүнкү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!” - деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: