super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкектеги мектепте окуучулар массалык түрдө шаурмага ууланышты

 

Бишкек шаарындагы мектептердин биринде шаурмага 58 адам ууланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 31-октябрда саат 22:30да Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына көп жолу кусуу, ичи өткөн жана катуу ооруксунуунун белгилери менен бейтаптар кайрылышкан.

Анамнездин негизинде белгилүү болгондой, жабыркагандардын бардыгы ошол эле күнү саат 12:00дөн 13:00гө чейин мектептеги ашканада даярдалган шаурманы жешкен.

Жалпы 58 адам медициналык жардамга кайрылган, алардын ичинен 54ү — бала, 4өө — чоң киши. Алардын ичинен 9 бейтап (7 бала жана 2 чоң киши) ооруканага жаткырылган, абалдары туруктуу. Ал эми 49 бейтап кароодон өткөрүлүп, зарыл медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин тиешелүү консультация берилип, амбулатордук дарылоого жиберилген.

Мекемеден кошумчалангандай, бардык бейтаптарга ашказанды жууп тазалоо жүргүзүлүп, заңдын анализи алынган. Ооруканада дарыланып жаткан бейтаптар бардык керектүү дары-дармектер менен толук камсыздалган.

Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери бул окуя боюнча эпидемиологиялык иликтөөнү улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: