WP: Венесуэла АКШнын басымынан улам Орусия, Кытай жана Ирандан жардам сурады
Венесуэланын лидери Николас Мадуро Орусия президенти Владимир Путинге Венесуэланын аба коргонуу системаларын бекемдөө, авиация техникаларын оңдоо жана ракета куралдарын сатып алуу боюнча жардам көрсөтүү өтүнүчүн жиберди. Бул тууралуу Тhe Washington Post басылмасы жазды.
Басылманын маалыматы боюнча, Венесуэла АКШдан аскерий басым күчөп жаткандыктан Орусия, Кытай жана Иранга жардам сурап кайрылган.
Маалым болгондой, Венесуэланын лидери Николас Мадуро Орусия президенти Владимир Путинге атайын өтүнүчтөр камтылган кат жөнөткөн. Бул документ Венесуэланын транспорт министри Рамон Веласкес тарабынан октябрдын башында Москвага болгон сапар учурунда Орусия жетекчилигине тапшырылган деп айтылат. Мадуро айрыкча Орусиядан Венесуэланын аба коргонуу системаларын бекемдөөгө, мурда Орусиядан сатып алынган авиациялык техниканы оңдоого жана ракета куралдарын алууга жардам сураган.
Басылма жазгандай, Венесуэла Кытайга "кеңейтилген аскердик кызматташтык" жөнүндө, анын ичинде радиолокациялык системаларды өндүрүүнүн ылдамдыгын жогорулатуу, аны кийин сатып алуу максатында өтүнүч жолдогон. Ирандан Веласкес жакында Венесуэлага аскердик техника, анын ичинде учкучсуз учуучу аппараттар жеткирүү боюнча кызматташкан.
The Miami Herald гезити маалымдагандай, АКШ администрациясы Венесуэланын аскердик объектилерине сокку уруу чечимин кабыл алган. Басылманын маалыматына ылайык, бул соккулар жакынкы күндөрдө болушу мүмкүн. Бирок АКШ президенти Дональд Трамп журналисттер менен болгон маегинде Венесуэланы бутага алууну карап жатканын четке каккан.
The New York Times гезити жазгандай, Трамп 7-октябрда Венесуэла менен чыңалууну дипломатиялык жол менен чечүү аракеттерин токтотууну буюрган. 15-октябрда Трамп атайын кызматка Венесуэлада жашыруун операцияларды жүргүзүүгө уруксат бергенин ачык билдирген. Бирок Мадурону өлтүрүү аракеттерине уруксат бергенин так айткан эмес. Венесуэланын лидери өлкөсү АКШ тарабынан акыркы 100 жылдагы эң чоң аскердик коркунучка дуушар болуп жатканын бир нече жолу билдирген. АКШ болсо Венесуэланы баңгизаттардын контрабандасына каршы жетиштүү аракет көрбөй жатат деп айыптап, Кариб деңизине куралдуу күчтөрдү жайгаштырган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















