super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Бахрейнде III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын жабылуу аземи өттү (видео)

 

Кечээ, 31-октябрда Бахрейн Падышалыгынын Манама шаарындагы Exhibition World Bahrain конгресс-көргөзмө борборунда III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын жабылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Иш-чаранын жабылуу аземине Бахрейн Падышалыгынын Жаштар жана спорт боюнча жогорку кеңешинин биринчи төрага орун басары, Башкы спорт башкармалыгынын жана Бахрейн Олимпиадалык комитетинин президенти шейх Халид бин Хамад Аль Халифа, олимпиадалык комитеттердин өкүлдөрү, спортчулар, машыктыруучулар жана делегация мүчөлөрү катышты.

Эл аралык спорттук иш-чаранын расмий бөлүгүндө Азия Олимпиадалык кеңешинин туусу кийинки Өспүрүмдөр Азия оюндарын өткөрө турган Өзбекстанга тапшырылды. IV Өспүрүмдөр Азия оюндары 2029-жылы Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өтөт.

Белгилей кетсек, III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын расмий ачылышы 22-октябрда өткөн. Аталган оюндарга дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн 6000ге жакын спортчу катышып, спорттун 26 түрү боюнча күч сынашты. Кыргызстандын атынан 18 спорт түрү боюнча 145 спортчу катышты.

Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы жалпы 21 медаль, анын ичинен 1 алтын, 9 күмүш жана 11 коло медаль утту.






Бахрейнде III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын жабылуу аземи өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: