Катардан келген хирургдар угуу бузулуусу бар балдарга операция жүргүзүүдө (фото)
30-октябрдан тартып Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында Катардан келген дарыгерлеринин кайрымдуулук миссиясы башталды. Алты жогорку квалификациялуу хирургдан турган топ угуу бузулуусу бар балдарга кохлеардык имплант коюу операцияларын жүргүзөт.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, булмиссия Катардын Өкмөтүнө караштуу Кайрымдуулук жана ислам иштери боюнча министрлик менен Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумдун алкагында ишке ашырылууда.
Маалым болгондой, 64 бала медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, аларга кохлеардык имплант коюу үчүн тандалып алынды.
Катар тарап импланттарды сатып алууну жана хирургиялык операцияларды жүргүзүүнү толук каржылайт, ошондой эле кыргыз хирургдарын жана орто медициналык кызматкерлерди окутууну камсыздайт. Мындан тышкары, балдардын операциядан кийинки реабилитациясына байланышкан чыгымдарды да Катар өз мойнуна алат.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында кохлеардык имплантация операциялары 2020-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Бул убакыт аралыгында 200дөн ашуун баланын угуу жөндөмү калыбына келтирилди. Эл аралык кызматташуу жана тажрыйба алмашуунун аркасында Кыргызстандагы угуу жөндөмдүүлүгүндө бузулуусу бар балдар үчүн жогорку технологиялык медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жогорулап жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















