Бишкекте Кыргыз милициясынын 101 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү (фото)
Бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз милициясынын 101 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Иш-чаранын алдында мамлекет башчысы заманбап талаптарга ылайык жабдылган атайын техникаларды көрдү. Жалпысынан 101 бирдик техника даярдалган, алардын ар бири кызматтык милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн аймактарга жөнөтүлөт.
Президент өз сөзүндө акыркы беш жылда кыргыз милициясынын ишин чыңдоо жана анын кадыр-баркын көтөрүү боюнча олуттуу кадамдар жасалганын баса белгиледи.
Андан соң республика боюнча ички иштер органдарынын бир катар объектилеринин онлайн режиминде ачылышы болду. Алардын ичинде шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, милициянын участкалык пункттарынын жаңы жана оңдолгон имараттары, ошондой эле кызматкерлер үчүн турак жайлар жана кызматтык бөлмөлөр бар.
Иш-чаранын аягында ИИМдин Бишкек гарнизонунун өздүк курамынын салтанаттуу парады болуп өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















