Жапаров Бишкек ШИИББинин жаңыланган имаратына барды (фото)
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жаңыланган имараты менен таанышты.
Президенттин администрациясынан билдиришкендей, мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жайгашкан имарат толугу менен реконструкцияланып, заманбап талаптарга ылайык жабдылган. Бул жерде ыкчам бөлүмдөрдүн, тергөө кызматтарынын, нөөмөт бөлүгүнүн жана участкалык инспекторлордун натыйжалуу иштеши үчүн ыңгайлуу жана функционалдык шарттар түзүлгөн.
Санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Имаратта "Коопсуз шаар" долбоору менен интеграцияланган заманбап кырдаалдык борбор ачылган.
Борбор заманбап аналитикалык шаймандар жана видеокөзөмөл системалары менен жабдылган. Мындан тышкары, заманбап иш бөлмөлөр, жыйын жана басма сөз иш-чаралары үчүн залдар жабдылган. Жарандарды кабыл алуу жана кайрылууларды кароо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков менен биргеликте башкармалыктын аймагына көчөт отургузууга катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















