Politico: Зеленский 2026-жылдагы шайлоого даярданып жатат
Украинанын лидери Владимир Зеленский учурда 2026-жылы мүмкүн болгон шайлоолорго даярданып жатат. Бул тууралуу америкалык Politico басылмасы жазды.
Басылма жазгандай, мыйзамды саясий атаандаштарды жаман көрсөтүү үчүн колдонуу тенденциясы күчөйт, анткени президенттик администрация ок атышуу токтогон учурда кийинки жылы шайлоо өткөрүүгө даярданып жатат.
Мындан тышкары басылманын маалыматына караганда, Украинада айрым саясий күчтөр Зеленский менен анын айланасындагылар согушту бийликке ээ болуу үчүн колдонуп жатканын айтышууда. Алар бул кырдаал өлкөдөгү демократияга коркунуч жаратышы мүмкүн деп эсептешет. Politico бул көз карашты Украинанын жарандык активисти жана Коррупцияга каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Дарья Каленюк да колдоорун жазган.
21-октябрда Украинанын Жогорку Радасы өлкөдөгү аскердик абалды жана мобилизацияны 5-ноябрдан тарта дагы 90 күнгө, тагыраагы, 2025-жылдын 3-февралына чейин узартуу боюнча мыйзам долбоорлорун колдоду.
Украинада аскердик абал жана мобилизация режими буга чейин 17 жолу узартылган. Аскердик абал шартында өлкөдө президенттик, парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор өткөрүлбөйт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















