Канаданын премьер-министри Трамптан Рейган менен байланышкан жарнама үчүн кечирим сурады
Канаданын премьер-министри Марк Карни Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык саммитинде АКШ президенти Дональд Трамптан антитарифтик жарнамалык кампания үчүн кечирим сураганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Ооба, мен президенттен кечирим сурадым. Ал жарнамага нааразы болгон", — деп айтылат билдирүүдө.
Мунун алдында америкалык лидер Карни менен "азырынча" жолукпай турганын билдирген.
Буга чейин Онтарио провинциясынын өкмөтү 1987-жылдагы АКШнын мурдагы президенти Рональд Рейгандын сөздөрү колдонулган антитарифтик жарнама жарыялаган. Роликте Рейган төлөмдөрдүн массалык жумушсуздукка, соода согуштарына жана экономикалык кырсыкка алып келерин айткан.
Трамп роликке катуу реакция жасап, аны алып салууну талап кылган. Ал Канада менен соода сүйлөшүүлөрүн токтотуп, Оттавага каршы тарифтерди дагы 10 пайызга көбөйткөнүн жарыялаган.
Канаданын премьер-министри Трамптан Рейган менен байланышкан жарнама үчүн кечирим сурады
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















