super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Музей кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды (фото)

 
Кечээ, 31-октябрда Улуттук тарых музейинде маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү жана мекеменин 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чаранын алкагында “Көөнөрбөс тарыхый мурастарды сактоого жана музей ишин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн” музей кызматкерлери Улуттук тарых музейине – 100 аталыштагы төш белгиси жана күбөлүк менен сыйланышты.
Музейдин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова жамаатты кесиптик майрамы жана музейдин мааракеси менен куттуктап, кыргыз элинин маданий мурастарын сактоодогу жана жайылтуудагы музей кызматкерлеринин эмгеги жогору бааланарын белгиледи.
"Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги өлкөнүн маданий байлыгын сактоого жана коомдун руханий өнүгүшүнө зор салым кошуп жаткан бардык маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгилик каалайт," - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: