Вьетнамда сел жүрүп, 13 адам каза тапты (видео)
Вьетнамда жаан-чачындан улам сел жүрүп, 13 адам каза тапты. Учурда 10дон ашык адам изделүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, суу 116 000 имаратты каптап, айыл чарба аянттарынын болжол менен 5 миң гектары жабыркаган.
Жамгырдан ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Хюэ жана Хой Ан сыяктуу тарыхый шаарлары да зыянга учураган.
Жарандар суу каптаган жерлерди кайык менен же сүзүп өтүшкөн. Жамгыр шаарлар аралык транспортту да үзгүлтүккө учуратып, электр линиялары да бузулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:02
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















