Луврдагы уурулук уюшкан кылмыш эмес, майда уурулардын иши болуп чыкты
Париж прокуратурасы Лувр музейинен тарыхый зер буюмдарды уурдоо иши уюшкан кылмыштуу топ тарабынан эмес, "майда уурулар" тарабынан жасалганын билдирди.
"Бул уюшкан кылмыштуулуктун жогорку катмары менен байланышкан кылмыштын түрү эмес. Шектүүлөр жергиликтүү тургундар экени анык, алардын баары Париждин түндүгүндөгү кирешеси төмөн Сена-Сен-Дени аймагында жашашат",- деди Париж прокурору Лор Беккуо franceinfo радиосуна берген маегинде.
Эске салсак, уурулук 19-октябрда эртең менен болгон. Уурулар жүк көтөрүүчү лифт менен Луврдун экинчи кабатына чыгып, айнектерди сындырып, витриналарды спираль майдалагыч менен ачып, жети мүнөттүн ичинде окуя болгон жерден мотоцикл менен качып кетишкен.
Камакка алынган шектүүлөрдүн арасында 34 жаштагы Алжир жараны, 39 жаштагы мурда уурулук кылганы үчүн соттолгон адам, 37 жаштагы кылмыштуулугу бар эркек жана анын 38 жаштагы өнөктөшү бар.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















